Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрайымы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен видеоконференция ыргагында жолугушуу өткөрдү.
Анда кыргыз-тажик чек арасындагы окуя талкууланып, министр жаңжалды андан ары күчөтүүгө жол бербей, аны тараптардын конструктивдүү тынчтык диалогу аркылуу чечүү маанилүү экенин айтты.
Ошондой эле, ал чыр-чатактын кесепетинен жер которууга аргасыз болгондордун саны 27 миңден ашып, аларга ЕККУнун колдоо көрсөтүүсүнө ишеним артаарын кошумчалады. Мындан тышкары, талкаланган инфрастүзүмдөрдү, социалдык объектилерди, ошондой эле жарандардын үйлөрүн калыбына келтирүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн билдирди. Өз сөзүндө Анн Линде кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга кошкон өзгөчө салымы үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, эки тарапты жаңжалдын тереңдешине жол бербөөгө чакырды.
Ошондой эле, чыр-чатактан кийин турак жайларды калыбына келтирүүгө жана эки элдин ортосундагы ынтымакты сактоого ЕККУнун Улуттук азчылык иштери боюнча жогорку комиссарынын кеңсеси жардам берүүгө даяр экендигин ырастады.