Кыргызстанда 1-2-май күндөрү жалпы улуттук аза күтүү деп жарыяланганына байланыштуу Стамбул шаарында жайгашкан Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин штаб-квартирасынын алдындагы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Венгриянын мамлекеттик желектери төмөн түшүрүлдү.
Мындай аракети менен боордош мамлекеттер башына кыйын күн түшкөн кыргыз элине тилектештигин билдирип, азасын тең бөлүшүп жаткандыгын, Түрк мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары Султан Раев билдирди.