Жаңылыктар
ИИМдин ички аскерлеринин эрдигине коомчулук жогору баа берүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМдин ички аскерлеринин эрдигине коомчулук жогору баа берүүдө

Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин эрдигине коомчулук жогору баа берүүдө. Жаңжал башталганда тажик тараптын кол салуусуна алгачкылардан болуп “Шер” аскер бөлүгү кабылган. 

Болгону 10 жоокер “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайын 4 жарым саат боюу коңшу өлкөнүн аскерлерине алдырбай, коргоп турган. Кайталанган кол салуулардын мизин кайтарып, көп сандагы каршылаштар объектти ээлей алышкан эмес. 

Кыргызстандын чек арачылары жардамга келген учурда жоокерлердин сегизи жарадар абалда болгон. Калган экөө Көк-Таш айылындагы башка салгылашууларда ок жеп, жаракат алган. Жарадар жоокерлердин сегизи Бишкекке алып келинди.