Жаңылыктар
Майдын 1инен 2сине караган түнү Баткен облусунун аймагында ок атышуусуз тынч өттү
Чек ара
Майдын 1инен 2сине караган түнү Баткен облусунун аймагында ок атышуусуз тынч өттү

Эки тараптын тынымсыз сүйлөшүү, жолугушуларынын натыйжасында кечээ түштөн кийин жабылган жолдор ачылып, каттамдар жанданган. Ош-Исфана жолундагы Төрт-Көчө жолу ачылган. Ворух анклавына барчу Исфара- Ворух унаа жолу да ачык.

Бирок, Баткен облусунун кыргыз-тажик аймагында кырдаал турукташты деп айтууга эрте. Дагы деле кооптонуу бар, анткени үй жайын таштап качкан жарандар үйлөрүнө кайта элек. 50 миңдей жай тургун коопсуз жайларда баш калкалап отурат. Аларга гумжардам көрсөтүлүүдө. Жеринде дарыгерлер психологдор иштеп жатат. Ооруканадагы жаракат алгандарга да тыкыр дарыгерлердин кароосунда дарыланып жатат.