Жаңылыктар
Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында абал туруктуу
Чек ара
Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында абал туруктуу

Айыл аймак Борбордук, Арка, Достук жана Жаштык айылын камтыйт. Бул тууралуу айыл башчысы Исманали Райымбердиев билдирди.

Айтымында 30-апрелде болжол менен кечки саат 4-5 чамасында ок атуулар токтогон. Түн тынч өттү. Чагымчылдыкка чакырган маалыматтар тарап, бүтүндөй кыргыз элинин кооптонуусун жаратууда. Акыркы үч күндөн бери айыл башчысы катары мында жүрөм. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тынчтык жолу менен чечилет деген үмүтүбүз чоң. Жарандарды такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырам. Эвакуацияланган жайлардан Сүлүктү шаарынын Баул айылына качуу тууралуу чакырыктар болду. Тартип коргоо органдары келип, күч жетиштүү экенин Райымбердиев билдирет. Айылды тазалоо иштери башталып, тургундарды үйлөрүнө кайтып келүүсүн шарттап жатканын айтты. Үч күндөн бери болуп жаткан жаңжалда, бул айылда жабыркаган киши болгон эмес. Туткунга алынган 10 киши кыргызстанга кайтарылды. Дагы бир учур жөнүндө айтайын. Эртең менен Борбордун айынынын мечит имамы келди. Аны айылды аралабай туруусун өтүндүк. Эскертүүгө карабай тажикстан менен чектешкен аймакка барган. Аны жөнөкөй жарандарбы же күч түзүмдөрүбү, айтор ким атканын билбейбиз, бутуна ок тийиптир. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, ооруканага жаткырдык, - деди Райымбердиев. Айыл жетекчиси жагдайды туруктуу деп баалады.