Жаңылыктар
2-майга карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал туруктуу
Чек ара
2-майга карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал туруктуу

УКМКнын Чек ара кызматынын Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш бөлүмү, кырдаал боюнча акыркы маалыматты таратты. 2-майга карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал туруктуу. 

Өткөн түнү эч кандай окуя же атышуу болгон жок. Ош - Исфана жолунда унаалар тоскоолдуксуз жүрүп жатат. Тараптар мамлекеттик чек ара сызыгынан, туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чыгара башташты. Кыргызстан жактан эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча комиссиянын иш-аракеттерин координациялоону төраганын биринчи орун басары - Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев ишке ашырат. Чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте нөөмөттө турушат.