Жаңылыктар
А. Атамбаев коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алды
Коррупция
А. Атамбаев коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алды. 

Жолугушууда Мамлекет башчысы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо жана тергөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, андан тышкары мамлекеттик бийлик жана башкаруу системасындагы коррупция менен күрөшүү боюнча мындан аркы пландар тууралуу маалыматты укту. 

Улан Исраилов коррупцияга каршы турууда алдын алуу мүнөзүндөгү антикоррупциялык чаралардын натыйжалуулугун арттырууга өзгөчө көңүл бөлүнүп жатканына токтолду. 

Президент Алмазбек Атамбаев антикоррупциялык чараларды мындан ары өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аёосуз күрөштү улантуу зарылдыгын белгиледи.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118