Британиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Чарлз Гаррет Баткендеги кандуу окуяларга байланыштуу Кыргызстанга көңүл айтты. Ал "Твиттердеги" баракчасына жазган катында Британиянын ханышасы менен өкмөтүнүн атынан чек арада каза тапкандардан улам кыргыз элинин аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.