Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктарга чет жактагы кесипкөй психолог мекендештер онлайн жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Германиядагы кыргыз диаспорасынын активисти Калыгул Жунушбеков билдирди.
Францияда, АКШда, Германияда, Түркияда жана Канадада эмгектенген мекендештер чек арадагы жаңжалда жабыркагандарга, жакындарын жоготкондорго жана жалпы эле бул кырдаалда моралдык-психологиялык жактан запкы жегендерге жардам көрсөтүү үчүн Интернетте атайын портал ачышты. Ал үчүн психологиялык жардамга муктаждар kg-psy.com сайтына кирип, өз телефон номерлерин калтырып койсо болот. Портал Германиядагы кыргызстандыктардын демилгеси менен түзүлдү. Ал жактан ошондой эле Бишкектеги психологдор менен да байланышса болот. Буга чейин Түркия жана Германиядагы журтташтар эки элди ынтымакка чакырган видеокайрылуу жасашкан.