Жаңылыктар
Төрт пунктан турган протоколго кол коюлду
Чек ара
Төрт пунктан турган протоколго кол коюлду

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу аяктады. 2-майга караган түнү саат үчтөгү жолугушуудан кийин Кыргызстандын жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттеринин төрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов протоколго кол коюшту. Протоколдо кандай пункттар бар экени азырынча белгисиз. Буга чейин, 1-майда, Кыргызстан менен Тажикстан толугу менен ок атышууну токтотуу жана аскерлерди чыгарып кетүү жөнүндө макулдашып, тажик тарап тосуп койгон Жака-Өрүк участкасында унаа жолу ачылган. Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин 1-майдагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилген макулдашуулардын алкагында, Кызыл-Бел - Гулистон өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында төмөндөгүлөргө жетишишти:

1. Кыргызстандын убактысы боюнча саат 15:00дөн баштап, аскерлерге кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык участокторундагы ок атышпоо режими жөнүндө маалымдап, аскерлерди алып чыгып кетүү.

2. Курал-жарак жана аскердик техниканы чыгарып кетүүнү көзөмөлдөө үчүн эки тараптан 3 адамдан турган жумушчу топ түзүү.

3. Келген маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жана эгер тастыкталса, курал-жарактарды жана аскердик техникаларды чыгарып кетүүнү уюштуруу жана тараптарды туруктуу жайгаштыруу пункттарына чейин узатуу үчүн эки тараптан 3 адамдан турган текшерүү тобун түзүү.

4. Биргелешкен жумушчу топтун ишин 2-майда Кыргызстан убактысы боюнча 08:00дө баштоо чечимдери кабыл алынды.