Жаңылыктар
Эстакадалык көпүрөнүн курулушу бүттү
Кыргызстан жаңылыктары
Эстакадалык көпүрөнүн курулушу бүттү

Бүгүн Ош шаарында эстакадалык көпүрөнүн жыйынтыктоочу этабы бүтүп, ал жердеги Өзгөн көчөсү салтанаттуу ачылды. Аземге Ош шаардык кеңешинин жана Ош шаарындагы мекеме, ишканалардын жетекчилери менен жергиликтүү тургундар катышты. 

 Узундугу 345, кеңдиги 13 метрди түзгөн бул көчө түнкү жарыктары, суу өтүүчү арыктары жаңыртылып пайдаланууга берилди. 2015-жылдын ноябрь айында шаардыктарга пайдаланууга берилген Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрө аба-ырайынын кескин төмөндөп кетишине байланыштуу, 3-этабы жыйынтыкталбай калган. 

Адистер билдиргендей, 3-этаптагы көпүрөнүн курулуш иштерин бүткөрүү үчүн 25 градустан жогорку температура талап кылынат. Май айында башталган курулуштун акыркы этабынын алкагында, көпүрөнүн айланасына кошумча жалпы узундугу 1,5 км болгон авто унаалар жүрүүчү жол да салынды.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118