Жаңылыктар
Исфана шаарында абал туруктуу
Чек ара
Исфана шаарында абал туруктуу

Лейлек районунун Исфана шаарында жашоо өз нугуна кайта баштады. Соода базарлары, дүкөндөр, дарыканалар кадимки күнүмдүк тартипте иштеп жатат. Айрым май куюучу бекеттер иштебей турат. Андыктан иштеп аткан май куюучу бекеттерде унаалардын кезеги байкалат. Жолдор ачык. Каттамдар кадимкидей жолго коюлган. Айрыкча куралдуу кагылышуудан жапа чеккен айылдарга гуманитардык жардамдарды алып бара жаткан унаалар көп.