Жаңылыктар
Баткенге керектелүүчү каражаттар
Чек ара
Баткенге керектелүүчү каражаттар

"Баланын укуктарын коргоочулар лигасы" фонду Баткендеги эвакуацияланган 27 миңден ашуун жаранга жардам иретинде керектелүүчү дары-дармек, гигиеналык каражаттар, жеке колдонуучу буюмдардын тизмесин жарыялады. Алар: нымдуу салфеткалар, жалаяктар, балдар үчүн сүт, дан азыктары, электр энергиясын өндүрүү үчүн генераторлор, балдар кийимдери, памперстер, вируска каршы дары-дармектер жана термометрлер, өспүрүмдөргө буюмдар, жууркан, жылуу кийимдер, оюнчуктар, топтор, альбомдор, проектор, балдарга психологиялык стресстен арылтуу үчүн тасмалар жана мультфильмдерди көрсөтүү үчүн ноутбуктар.

 Ал эми республикалык штаб билдирген маалыматта төмөндөгүлөрдү Бишкек шаарындагы Спорт Ордосуна алып келүүгө болот: антибиотиктер, балдар жана чоңдор үчүн суюк түрдөгү парацетамол, дицинон, бинт, марли, пахта, стерилдүү салфеткалар, флакондордогу натрий хлориди, шприцтер жана ооруну басаңдатуучу каражаттар. Аталган каражаттарды Спорт Ордосуна күнү-түнү алып келүүгө болот. Анда нөөмөттө тургандар кабыл алып, жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткенге жөнөтүлөт.