Жаңылыктар
Баткен районунун Карабак айылынын жана “Головной” суу бөлүштүрүү түйүнүнүн аймагын тараптар биргелешип кароо иштерин улантышты
Чек ара
Баткен районунун Карабак айылынын жана “Головной” суу бөлүштүрүү түйүнүнүн аймагын тараптар биргелешип кароо иштерин улантышты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү 2-май, саат 13:00го карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу экендигин айтты. Кыргызстандын жана Тажикстандын коргонуу ведомстволорунун офицерлер курамынан турган биргелешкен комиссиясы кошумча күч жана каражаттарды мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгашкан жайларына алып кетүү иштерин улантууда.

Бүгүн Баткен районунун Карабак айылынын жана “Головной” суу бөлүштүрүү түйүнүнүн аймагын тараптар биргелешип кароо иштерин улантышты. Азыркы тапта комиссия Баткен районунун Аксай жергесинде иштеп жатат. Коопсуздукту камсыздоо максатында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында чек ара чыр-чатагы башталгандан тартып адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү токтотулган. Тажик аскерлери “Ми-24” вертолёту менен Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлерине абадан чабуул жасаган учурда Актатыр айыл башкармалыгынын Ортобоз айылынын тургунунун үйүнө түшкөн авиациялык ракета табылды. Авиаракета жарылбай калгандыктан ал үйдүн тургундары жабыркаган эмес. Ал жерде тергөө тобу иштеп жатат.