Жаңылыктар
Мамлекеттик ипотекалык компания каржылоонун жаңы моделин иштеп чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик ипотекалык компания каржылоонун жаңы моделин иштеп чыкты

Мамлекеттик ипотекалык компания өкмөттүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ишке ашыруунун негизинде ипотекалык каржылоонун жаңы моделин иштеп чыкты.

Бул тууралуу ишкананын кызматкерлери маалымат жыйынында билдирди. Алардын айтымында, үч негизги план боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 

Биринчиси - жарандарга ипотекалык насыяларды коммерциялык банктар аркылуу берүү. Экинчиси, жеке турак жайды куруу моделин ишке ашыруу жана үчүнчүсү - турак жайларды куруу менен жарандарга андан ары сатып алуу шартында ижарага берүү болуп жатат.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118