Жаңылыктар
Улан Ниязбеков Баткен облусунан жаракат алган ИИМ кызматкерлеринин абалынан кабар алды
Чек ара
Улан Ниязбеков Баткен облусунан жаракат алган ИИМ кызматкерлеринин абалынан кабар алды

Улан Ниязбеков Баткен облусунан жаракат алган Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин, ички аскерлердин аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды. 

Учурда алар Бишкек шаарындагы бир катар ооруканаларда дарыланушууда. Министр жаракат алгандар менен баарлашып, алардан акыбалын сурап, бат сакайып, жолдошторунун катарына тез арада кошулушун каалады. Андан сырткары ИИМ тарабынан зарыл болгон бардык жардамдар көрсөтүлөөрүн айтып, дарылануусуна керек болгон бардык даары-дармектер менен камсыздоо болуп жаткандыгын билдирди. 

Ошондой эле жарадар болгон кызматкерлердин, жоокерлердин туугандары менен да сүйлөшүп, кызматкерлерге ар тараптуу жардамдар да көрсөтүлүп жаткандыгын айтты. Азыркы учурда бейтаптар жогорку деңгээлдеги адистердин көзөмөлүндө жана Бишкек шаарынын Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан, Хирургия борборунан, Улуттук бейтапканадан медициналык жардам алышууда.