Жаңылыктар
Хиллари Клинтон АКШ президенттигине расмий талапкер болду
Дүйнө
Хиллари Клинтон АКШ президенттигине расмий талапкер болду

Хиллари Клинтон АКШ президенттигине расмий талапкер болду. АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Демократтар партиясынан расмий түрдө президенттикке талапкер катары көрсөтүлүп, АКШнын тарыхында ажолукка ат салышкан алгачкы аял болуп калды.

 

Партиянын Филадельфия штатында өткөн жыйынында ал делегаттардан 2821 добушун алууга жетишкен. Клинтондун негизги атаандашы — республикачылар партиясынан чыккан миллиардер Дональд Трамп. 

Анын талапкерлигин партиялаштары расмий түрдө өткөн жумада көрсөтүшкөн. АКШда президенттик шайлоо быйыл 8-ноябрда өтөт.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118