Жаңылыктар
Баткен облусуна гуманитардык азыктарды убагында жеткирүүдө ыктыярчылардын көмөгү күч
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусуна гуманитардык азыктарды убагында жеткирүүдө ыктыярчылардын көмөгү күч

Баткен облусуна гуманитардык азыктарды убагында жеткирүүдө жана борбордо коомдук тартипти сактоодо элдик кошундардын эмгеги зор. 

Алар Баткенде кагылышуу башталгандан бери Бишкектен жардам жөнөтүү үчүн атайын социалдык тармактарда тайпаларды түзүп, элди көмөктөшүүгө чакырып колдоо көрсөтүүдө. Азыркы тапта азыктар жөнөтүлүп жаткан республикалык штабда жүздөй элдик кошундун балдары жардамдашып, керектүү буюмдарды убагынжа ташып, унааларга жүктөп жатышат. Мындан сырткары шаардын төрт районунда белгилүү даректерде жарандардан гуманитардык жардамдар чогулууда. Анын баарын ыктыярчылар чогултуп борбордук штабга алып келишет.

"Биз башында октябрь окуясында элге жардам берүү максатында түптөлгөнбүз. Азыр да элибизге керектүү кезде кол сунуп балдар үйгө барбай түнү менен иштешти. Эми алдыда бардык жүктү дарегине жеткирүү милдети турат. Дагы кандай жардамдын түрү керек болсо барына даярбыз. Лейлек, Баткен райондоруна байланышып эмне көмөк керек болсо баарын сурап турабыз",- деди “Биздин Бишкек” кошунунун жетекчиси Бакай Юлдашев.