Жаңылыктар
Тарыхта кара тамга менен жазылуучу бул күндү элибиз эч качан унутпайт - Өмүрбек Суваналиев
Чек ара
Тарыхта кара тамга менен жазылуучу бул күндү элибиз эч качан унутпайт - Өмүрбек Суваналиев

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев облус элине кайрылуу жасады.

Кайрылууда төмөндөгүдөй деп айтылат:

"Ата Мекен үчүн, тынчтык үчүн күрөшүп жатып кырчындай өмүрлөр кыйылды. Тарыхта кара тамга менен жазылуучу бул күндү элибиз эч качан унутпайт. Курман болгон жердештерибизди ар дайым эскерип, куран окуп турабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Албетте, алардын ар бири өз элинин баатырлары болушту, ар биринин ысымдары эл жүрөгүндө, мамлекет тарыхында түбөлүккө сакталаары талашсыз. Шейит кеткен бул инсандар –элибиздин чыныгы баатырлары!

Эл сиздердин эрдигиңиздерди унутпайт. Мекен үчүн кылган ак кызматыңыздар дайыма биздин жүрөгүбүздө. Шейит кеткендердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтамын. Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам. Жаракат алган жарандардын тез сакайып кетишин каалайм".