Жаңылыктар
Төрт пункттан турган протоколго кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Төрт пункттан турган протоколго кол коюлду

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусунуну жыйынтыгында төрт пункттан турган протоколго кол коюлду. Документке 2-майга караган түнү саат үчтөгү жолугушуудан кийин Кыргызстандын жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттеринин төрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов кол коюшту. 

Кечээ, 1-майда, Кыргызстан менен Тажикстан толугу менен ок атышууну токтотуу жана аскерлерди чыгарып кетүү жөнүндө макулдашып, тажик тарап тосуп койгон Жака-Өрүк участкасында унаа жолу ачылган. Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин 1-майдагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилген макулдашуулардын алкагында, Кызыл-Бел - Гулистон өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын убактысы боюнча саат 15:00дөн баштап, аскерлерге кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык участокторундагы ок атышпоо режими жөнүндө маалымдап, аскерлерди алып чыгып кетүү.

Курал-жарак жана аскердик техниканы чыгарып кетүүнү көзөмөлдөө үчүн эки тараптан 3 адамдан турган жумушчу топ түзүү.

Келген маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жана эгер тастыкталса, курал-жарактарды жана аскердик техникаларды чыгарып кетүүнү уюштуруу жана тараптарды туруктуу жайгаштыруу пункттарына чейин узатуу үчүн эки тараптан 3 адамдан турган текшерүү тобун түзүү.

Биргелешкен жумушчу топтун ишин 2-майда Кыргызстан убактысы боюнча 08:00дө баштоо чечимдери кабыл алынды.