Баткендеги окуяларга байланыштуу жалпы 11 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди. Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта Баткен районунун Ак-Сай айыл округундагы "Головной" тилкесинде миномёт менен аткылоодон кийин 25тен көп жергиликтүү тургундардын сөөгү табылган. Так саны дагы такталууда. Бул факты боюнча өзүнчө кылмыш иши козголду.
Лейлек районунда жай тургундарга ок атып, натыйжасында 12 жашар кыздын өлүмү жана автомобиль жолундагы унааларга ок атуудан куралы жок адамдардын өлгөнү боюнча өзүнчө кылмыш иши козголду. Жалпысынан “Киши өлтүрүү”, “Массалык башаламандыкты уюштуруу”, “Тынчтыкка каршы кылмыштар”, “Бейбаштык”, “Бөтөн мүлктү жок кылуу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери боюнча иш козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургундун барымтага алынышы боюнча кылмыш иши козголду.