Жаңылыктар
Чек арадагы күчтөрдүн чыгарылып кетишин көзөмөлдөгөн биргелешкен жумушчу топ өз ишин улантууда
Чек ара
Чек арадагы күчтөрдүн чыгарылып кетишин көзөмөлдөгөн биргелешкен жумушчу топ өз ишин улантууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы күчтөрдүн чыгарылып кетишин көзөмөлдөө боюнча биргелешкен жумушчу топ өз ишин улантууда. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгы маалымдады. Ага ылайык тараптардын күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгаштыруу жерлерине чыгарылып кетишин көзөмөлдөө жана жабыркаган аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү иштери уюштурулуп жатат. Абал өлкө башчынын көзөмөлүндө.

Бүгүнкү күнгө карата алынган маалыматтар боюнча кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экени айтылды. Кечээ күнү эки өлкөнүн тиешелүү органдары чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анын жыйынтыгы менен төрт пункттан турган протоколго кол коюлду.