Жаңылыктар
Чек ара окуясы: 152 адамга ок тийген
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара окуясы: 152 адамга ок тийген

Баткендеги окуяда 152 адамга ок тийген. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди. Тергөөдө такталган маалымат боюнча, жалпы 162 адам жаракат алган. Алардын 12си чек ара кызматкери, 17си ички иштер кызматкери, калганы катардагы жарандар. Ок тийген 152 адамдын , 34ү каза болгон. 

Алардын үчөө чек ара кызматкери болсо, 31и катардагы жарандар. Октон 118 киши жаракат алса, 10 кишиге таш тийген. Азыр тергөө топтору түзүлүп, чыгымдарды аныктоо, далилдерди топтоо иштери жүрүп жатат. Коопсуздукту камсыздоо үчүн тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Учурда абал туруктуу, - деди министрдин орун басары.