Соңку күндөрдө бардык дүйнө коомчулугу Кыргызстандагы окуяларга дыкат байкоо салып турду. Көптөгөн мамлекеттердин жөнөткөн билдирүүлөрүнө ылайык, Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттемелерин толук карманарын жана мурда кол коюлган бардык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди, макулдашууларды катуу тартипте аткарарын тастыктай алды.
БУУнун баш катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Йенча уюмдагы Кыргызстандын өкүлчүлүгүнө кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көз салып жатканын билдирип, эки тараптын ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге жетишкендигин кубаттаган. Ошондой эле БУУ Тынчтык орнотуу фондунун алкагында жаңжалдан жапа чеккендерге жардам берүүгө даяр экенин билдирген.