Жаңылыктар
Чек арадагы чыр-чатактарга чет элдик маалымат каражаттары ар кандай баа берүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Чек арадагы чыр-чатактарга чет элдик маалымат каражаттары ар кандай баа берүүдө

Кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн чыр-чатактарга чет элдик маалымат каражаттары да ар кандай баа берүүдө. Окуянын алгачкы күндөрүндө дүйнө коомчулугунун чек ара чырынын чыныгы себебинен так маалыматы болбогондуктан, ача пикир жараткан маалыматтар чыккан. Азыр болсо көпчүлүк дүйнөлүк басылмалар окуянын чоо-жайын иликтеп, коңшу өлкөнүн аракеттерин сын көз караш менен чагылдырууда.

Окуянын алгачкы күндөрүндө чет элдик басылмалардын көбү жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарларын негиз кылып жаңылык жаза башташты. Көпчүлүгү "Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда согуш чыкты, кыргыз-тажик чек арасы кайрадан отко чулганды" - деген башкы темалар менен макала жарыялап жатышты.