Октон жаракат алгандардын абалы күн өткөн сайын жакшырып жатканын ак халатчандар айтышууда.
Манас Бахап уулу 29-апрель күнү атылган октон жаракат алып, Баткен облустук ооруканасына жеткирилген. Анын айтымында таштар ыргып атканда эле капыстан тажик аскерлери ок чыгарышкан. Ооруканага ал оор абалда келип, өмүр сакчыларынын аракетинен азыркы учурда абалы жакшырып калганын айтат.