Жаңылыктар
Лейлек районунун Арка айылында чек ара жаңжалынан жабыр тарткандардын чыгымдары эсептелүүдө
Чек ара
Лейлек районунун Арка айылында чек ара жаңжалынан жабыр тарткандардын чыгымдары эсептелүүдө

Лейлек районунун Арка айылында коомдук абал туруктуу. Элетте кыймыл жанданган. Айыл тургундары этияттык менен үйлөрүнө келип, чек арадагы жаңжалдан кийинки абалга күбө болушууда. 

Айтымдарында, көпчүлүктүн короо жайлары толугу менен талкаланган, өрттөлгөн. Өрттөлгөндөн калган үй оокаттары дээрлик таланып-тонолгон. Көпчүлүгүнүн баалуу зер буюмдары уурдалып, күнүмдүк керектелүүчү буюмдар ташылып кеткен. Айрым үйлөрдөн оокаттарды үймөктөп, куржанга салып, бирок ташып кетүүгө үлгүрбөй калганын байкоого болот. 

Арка айылы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн курамына кирип, 3 миңден ашык калк жашайт. Чек арадагы куралдуу кагылышуудан орчундуу зыян көргөн айылда дүкөн, соода жайлары, май куюучу бекеттер, чакан ишкерлик менен алектенген ишканалар дагы өрттөлүп, талкаланган. Учурда жабыр тарткан айылдыктар чыгымдарын эсептеп, аз аздан короо жайын иретке келтирүү менен алек.