Жаңылыктар
Чек ара чырынын кесепетинен жабыркагандардын баары акысыз дарыланышат
Чек ара
Чек ара чырынын кесепетинен жабыркагандардын баары акысыз дарыланышат

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта жабыркагандарды дарылоо үчүн Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармектер жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

Атап айтканда, Бишкек травмотолгия жана ортопедия илимий борборунда, Улуттук госпиталда жана Улуттук хирургия борборунда дары-дармектер жетиштүү. Ага карабастан Бишкектеги 16 медициналык мекеме тарабынан ооруканаларга бекер таратып берүү үчүн антибиотиктер, инфузиондук эритме, ооруну басаңдатуучу дарылар, хирургиялык кол каптар, жарат алган жерди тигүү каражаттары жана башка медициналык каражаттар жыйналган. 

Эске сала кетсек, чек ара чырынын кесепетинен жабыркагандардын баары акысыз дарыланышат. Аларга байланыштуу бардык чыгымдар республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.