Жаңылыктар
Кыргызстан жана Тажикстан чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетишти
Чек ара
Кыргызстан жана Тажикстан чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетишти

Кыргызстан жана Тажикстан чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты. Бул тууралуу УКМК Чек ара кызматынан билдиришти. 

Чек ара кезметтери бардык кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын бойлой күзөт жүргүзүүдө. Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо ведомстволорунун офицерлеринен турган биргелешкен комиссия кошумча күчтөр жана каражаттар жайгашкан аймактарды текшерүү иштерин улантып жатат. Чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.