«Кыргызстандан 50 миң программистти даярдоо» боюнча долбоорунун алкагында баткендик жаштар акысыз түрдө программист кесибине окутулат. Бул тууралуу Кыргызстандын программисттер ассоциациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялардан соң баткендик улан-кыздарды акысыз окутуу чечими кабыл алынган.
«Кыргызстандан 50 миң программистти даярдоо» боюнча долбоорун бир жылдан бери ишке ашырып келе жатабыз. Анын алкагында өлкөбүздүн аймактарындагы талантуу жаштар программалоо боюнча билим алып келет. Бул үчүн символикалуу гана акы төлөйт. Акыркы окуялардан соң биз Баткен облусунун жаштарын акысыз түрдө программисттикке окуталы деп чечтик. Бул ишти баштадык. Буга кызыккан жаштар бизге кайрылса болот. Айрыкча Баткендеги кыздарга ушул багытта билим берүүгө басым жасайбыз»,- деп айтылат маалымтта.
Долбоордун катышуучулары онлайн форматта жана Кызыл-Кыядагы IT-лицейде билим ала алышат.