Жаңылыктар
Өзбекстан күн сайын 10 миң кадамдан көп баскан адамдарга акча төлөп берет
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстан күн сайын 10 миң кадамдан көп баскан адамдарга акча төлөп берет

Өзбекстандын өкмөтү өз элинин саламаттыгына кам көрүп, күн сайын 10 миң кадамдан көп баскан адамдарга акча төлөп туруу боюнча токтом кабыл алды. 

Долбоорго 18 жаштан жогорку курактагы ар бир жаран катыша алат. Бул үчүн киши атайын сайтка катталышы керек. Күн сайын 10 миң кадамдан ашык баскан адамдын мобилдик капчыгына 3 миң сумдан же 24 сомдун тегереги каражат которулуп турат. Ошондой эле эң көп аралыкты басып өткөндөргө ай сайын район, облус жана республиканын деңгээлинде кошумча акы берилет. 

Райондун деңгээлинде эң көп кадам таштагандар айына 300 миң сум, облус боюнча 500 миң сум алат. Ал эми республикалык деңгээлде алдыңкы орунга чыккандар 1 миллион сумга ээ болушат. Маалыматка караганда, мындай жол менен президент Шавкат Мирзиёев өзбекстандыктарды сергек жашоо образына тарткысы келет.