Жаңылыктар
Чет өлкөлөрдөгү мекендештер чек арадагы жаңжалдан жабыркагандарга жардам көрсөтөт
Чек ара
Чет өлкөлөрдөгү мекендештер чек арадагы жаңжалдан жабыркагандарга жардам көрсөтөт

АКШнын Колифорния штатындагы мекендештер кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан курман болгон жарандардын жакындарына, айрыкча бейкүнөө каза тапкан 12 жаштагы өспүрүм кыздын ата-энесине терең кайгыруу менен көңүл айтышты. 

Мекендештер ок тийип жаракат алгандарга, үй-жайсыз калган тургундарды сабырдуулукка чакырышты. Кандай гана жардам керек болсо колдоого даяр экенин айтып, алыста болсо да өлкө үчүн кайгырып жатканын, эл, жер үчүн жанын сайып, мекенди коргогон эр азаматтарга ыраазылык билдиришти.

Ошондой эле, Германияда жана Британияда жашаган мекендештер бул мамлекеттердеги Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына акцияга чыгышты. Алар эл аралык коомчулуктан кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалга калыс баа берип, жабыр тарткан карапайым элдин тагдырына көңүл бурууга чакырышты.