Жаңылыктар
Баткендин тургундары окопторду көрсөтүп, тажик тараптын атайын даярдалган иши болгонун билдиришүүдө
Чек ара
Баткендин тургундары окопторду көрсөтүп, тажик тараптын атайын даярдалган иши болгонун билдиришүүдө

Баткен облусунда тажик аскерлеринин кол салуусунан миңдеген жергиликтүү жаран үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. 

Үч күндүн ичинде 200гө жакын адам жаракат алып, аскер кызматкерлери менен жөнөкөй жарандар каза болду. Кечээ күндөн тартып өз үйлөрүнө кайтып келип аткан Баткен облусунун тургундары жеринде даярдалган окопторду көрсөтүп, бул тажик тараптын атайын даярдалган иши болгонун билдиришүүдө.

“Бул даярдалган окоп. Бир нече жерлер казылып даярдалган”,- деди Баткен районунун тургуну Надырбек  Исмаилакунов.