Жаңылыктар
Чек ара чырынан жабыркагандардын саны 183кө жетти
Чек ара
Чек ара чырынан жабыркагандардын саны 183кө жетти

Бүгүнкү күндө чек арада чыккан чырдан жаракат алгандардын саны 183кө жетти. Алардын 99у Бишкек шаарындагы үч ооруканада жана Баткен облусунун аймактык ооруканаларында дарыланууда. 

Алардын 24ү аскер кызматкерлери. Арасынын бирөөнүн абалы өтө оор, үчөө оор, калгандары канаттандырарлык деп бааланууда. Учурда алардын саламаттыгына ар кайсы аймактардан барган 80ден ашык дарыгер кам көрүүдө. Ал эми эвакуациядагы жергиликтүү тургундардын арасынан 8 аял кош бойлуу болсо алардын учөө кечээ көз жарды. 

Калган бешөө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Азыркы тапта Бишкек шаарындагы республикалык кан борборунда жаракат алгандарга ыктыярдуу түрдө кан бергендердин саны 500 адамга жакындап калды.