Жаңылыктар
Австралиядагы өрттүн кесепетинен миңдеген адам үйсүз калды
Дүйнө
Австралиядагы өрттүн кесепетинен миңдеген адам үйсүз калды

Австралиянын Виктория штатында каптаган өрт токтобой жатат. Тилсиз жоо адам жашаган аймактарды каптап, 30 градус болгон ысык аба ырайы менен сыдырым жел, ого бетер абалды оорлотууда. Жергиликтүү бийлик, тургундарды эртерек көчүп кетүүгө чакырууда. Ноябрь айынан бери басылбай жаткан өрт кырсыгынан 4 адам каза болгон. Ушул убакка чейин 100 үй толугу менен өрттөнүп кетти. Эки жума мурда өрттүн кесепетинен улам батыш Австралиядагы Ярлуп шаарчасынан эч нерсе калган эмес, андан 2 адам каза болгон.

Айта кетсек, Австралияда мындай жаратылыш кырсыгы жыл сайын болуп турат. 180 адамдын өмүрүн алган ири өрт кырсыгы 2009-жылы катталган. Анда 50 адам дайынсыз жоголуп, миңдеген турай-жай жарактан чыккан. Экологдордун айтымында, Австралиядагы өрт кырсыгы жыл сайын күчөп баратат.