Жаңылыктар
Көчмөндөр оюндарында 1000 комузчу Атай Огонбаевдин «Маш ботой» күүсүн чертет
Маданият
Көчмөндөр оюндарында 1000 комузчу Атай Огонбаевдин «Маш ботой» күүсүн чертет

Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюнунда 1000 комузчу Атай Огонбаевдин «Маш ботой» күүсүн чертет. Мындай көрүнүш Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болууда. Миң комузчу Кыргызстандын жети дубанынан чогулат. Учурда жер-жерлерде «Маш ботой» күүсүн черткен даярдык иштери кызуу уланууда. Талас областынан да 100 комузчу эки айдан бери катуу машыгып жатат.

Атай Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебине бугун 30 комуз ышкыбоздору чогулуп кезектеги машыгуусун баштады. Комузчулардын копчулугу буга чейин маш ботойду ар кандай кайрык менен чертип келишкен болсо, бул жолу Карамолдо Орозов атындагы оркестрдин варианты менен дайынданышууда. Эки айдан бери жасап жаткан машыгуулар текке кетпей азыр комузчулар бирдей нукка келип калышты дейт комуз мугалими.»

Чогулган 100 адамдын тени ар кайсы райондордон, болсо тени Талас шаарынын ичинен келишет. Бул кууну черте алган баардык курактагы комуз суйуучулору катышууда. Катышууну каалагандар 150 го жакын бирок алардын ичинен мыктылар гана тандалат.

Дуйнолук экинчи көчмөндөр оюнунда ачылыш салтанатында, 1000 комузчу «Маш ботой» куусун чертишет. Бул демиллгени «Айгине» коому которуп чыккан. Коп сандагы адамдын куу чертиши Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу уюштурулууда. Маалымат боюнча бул оркестр гиннес китебине да кириши мумкун.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118