Жаңылыктар
Баткендин Арка айылындагы куралдуу кол салуунун кесепети. Аймакта күйүүчү май тартыштыгы курч
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендин Арка айылындагы куралдуу кол салуунун кесепети. Аймакта күйүүчү май тартыштыгы курч

Жол ачылып, кырдаал турукташа баштаганынан Аркалык тургундар бирин-сериндеп өз үйлөрүнө кайта баштады. Үйлөрү орттонгондор болсо жакындарынын үйүндө баш калкалоодо. 

Чек ара чийининде турукташкан жергиликтүү эл, куралдуу кол салуу атайылап болгон дейт. Тажик улутундагылар менен пикир келишпестик Жаңы-Жер айыл аймагында алгачкы ирет катталды. Учурда аймакта бензин тартыштыгы курч. Тургундар азык-түлүк, дары-дармек пункттарын чукул арада калыбына келтирүүнү өтүнүп жатышат.

Белгилеп кетуучу жагдай, чек ара боюнча чыр аталган аймакта алгачкы ирет катталды. Чек ара чийини эбак такталган аймактын эли, тажик улутундагы кошуналары менен буга чейин бир да кер-мур айтышпаганын билдирет.