Жаңылыктар
Олимпиадалык оюнда Кыргызстандын байрагын Эркин Адылбек уулу көтөрүп чыгат
Спорт
Олимпиадалык оюнда Кыргызстандын байрагын Эркин Адылбек уулу көтөрүп чыгат

Ошентип Кыргызстандын намысын Бразилияда 19 спортчу коргомой болду. Арасында балбаны, жөө күлүк, суучул, дзюдочу, штангист жана мушкер бар. Рио-де-Жанейродогу олимпиадалык оюндун ачылыш аземинде Кыргызстандын байрагын мушкер Эркин Адылбек уулу көтөрүп чыкмак болду.

Күн сайын таңкысын жана кечкисин эки сааттан кара тер чыкканча машыкмай. Азыр Эркин коргоочу кийим менен машыгып жатат. Ар кандай күтүлбөс учур болушу ыктымал, ошондуктан сак болгон маанилүү. Мелдеште 81 килограмм салмакка чейинки таймашка чыгат.

Машыктыруучулар ар кайсы атаандашты кезеги менен алмаштырып, мушкерди дүйнөлүк оюнга таптап жатат. Бул ыкма аркылуу спорчунун денеси такшалат. Эркин ондогон атаандашка туш келиши ыктымал. Ар бир оюнда атаандашы жаңы күч менен чыгат. Ошондуктан ал коргонуудан тышкары, чабуул койгонго да жетишиши керек.

Данияр Жусубалиев Эркиндин биринчи машыктыруучусу. Ал болочоктогу спорчунунун жөндөмүн кичине кезинде байкап, акырындан даярдап такшалткан. Эркин өзү Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында төрөлгөн. Кийинчерек үй-бүлөсү Бишкеке көчүп келип, устаты Даниярга кабылган. Учурда биринчи машыктыруучу Эркинди колдогону келген.
 Эркин жолдомону эсеп боюнча сегизинчи болуп утуп алган. Ал Кытайда өткөн лицензия алуу боюнча турнирде Кыргызстандан барган мушкерлердин арасынан олимпиада оюндарына жалгыз талапкер болгон.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118