Жаңы-Жер айыл аймагындагы май куюучу бекеттердин дээрлик баары өрттөнгөн. Азыр аймакта бензин тартыштыгы курч.
Лейлек районунун борборунан 80 чакырым алыста жайгашкан аймактын тургундары көйгөйдү кыска убакытта жолго коюп берүүнү өтүнүүдө. Алар бензинди Кулунду айыл аймагынан же, Исфана шаарынан атайын идиштерге ташып келип жатышканын айтышат. Ошондой эле, азык-түлүк дүкөндөрүн же убактылуу соода жайын ишке киргизүүнү сунуштап жатышат.
"Бензин жок отурабыз, ар кимди ала кел деп, жол алыс 80 чакырым. Гумжардам келип жатат, эми минтип качанкыга чейин ташылат эле, эртен эле муктаждык жаралат",- дейт Жаңы-Жер айыл аймагынын тургуну Кенжебек Салимбеков.