Жаңылыктар
Баткен: ынтымак жана биримдик менен жеңебиз
Чек ара
Баткен: ынтымак жана биримдик менен жеңебиз

Баткен коогалаңы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы достук мамилеге тескери таасирин тийгизди. Жай турмушта, күнүмдүк тиричилигин өткөрүп жаткан элге карата ок атылып, Тажисткандын айрым куралдуу жарандары мыкаачылыгын көрсөтүштү. 

Алардын ыйык орозо айында, кичинекей наристелер менен аялдарга карата ок чыгарышы эл алдында да, абийир алдында да жууса кеткис күнөө болуп калды. Эми бул окуя эл аралык денгээлде терең иликтенип, күнөөлүү адамдар жоопкерчилик тартышы керек. Бирок, тажик тараптын бул кадамы азыркы бийлигинин, куралдуу күчтөрүнүн кадыр-баркын дүйнөлүк масштабда түшүрдү. Бул окуя Кыргызстандын эми мындан ары чек ара маселесинде позициясынын бекемделишине жана бир чарчы жерди да алдырбай тургандыгына шарт түздү. Анткени чек ара үчүн, бир укум жер үчүн биздин боордошторубуздун каны төгүлүп, өмүрү кыйылды. Биз бугүн белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер менен ушул багытта сөзүбүздү улантабыз.

Уктурууга КР ЖК мурдагы депутаты, коомдук-саясий ишмер Бегалы Наргозуев, коомдук ишмер Кадыр Кошалиев жана мамлекеттик архив агенттигинин мурдагы директору, тарыхчы окумуштуу Орунбай Ахмедов катышат.