Мамлекеттик каттоо кызматы Баткен облусунда болгон окуядан улам документтери жоголгон же өрттөнгөн жарандардын бардык документтерин кайрадан жасап берет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев маалымат берди.
Азыркы тапта атайын жумушчу тобу түзүлүп, алар Баткен облусунда документтери өрттөлгөн жарандардын тизмегин каттап жүрүшөт. Жумушчу топтун мүчөлөрү калк жашаган жерлерге барып паспорт, айдоочулук күбөлүк сыяктуу документтерин бүтүрүп беришет. Паспорту жоголгон же өрттөлгөн жарандар 10 күндүн ичинде документтерин алышат. Алардын баары бекер жүргүзүлөт. Аны менен катар 1-майдан баштап 31-августка чейин беш категориядагы жарандарга ID карталар бекер берилет. Бул топтогу жарандардын тизмеги Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен алынат.
Мындан сырткары айдоочулук күбөлүк боюнча 1-июндан баштап жылдын аягына чейин унаалар бекер катталат. Жакында унаага байланышкан бардык документтер мобилдик тиркемеге тиркелип жолдо унаа токтоткон кезде документ көрсөтүүнүн кажети жок болуп калат. Текшерүү иштери базадагы маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт. Мындан сырткары үйлөрү өрттөлгөн жарандардын документтери өзүнчө бүткөрүлөт.