Жаңылыктар
Насыяга карыз алып, аны төлөй албай нааразылык акциясына чыккандар көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Насыяга карыз алып, аны төлөй албай нааразылык акциясына чыккандар көбөйдү

“Насыя алуучулардын укугун коргоо” деп аталган көпчүлүк кыймылдар көбүнчө популизм менен гана алектенет. Мындай пикирин билдирген экономисттер укук менен мыйзамды сыйлаган мамлекетте насыяга алынган карыз кайтарылып берилиши керек деп кошумчалашты. Ал эми банк тармагындагы адистер насыя алаардан мурда каражатты кайра кайтарып берүүнүн жолу айкын көрүнбөй жатса жарандар карызга акча албай эле койгону оң дешет.

.

Акыркы мезгилде насыяга карыз алып, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жумшап, кайра аны төлөй албай нааразылык акциясына чыккандар көбөйдү. Алардын укугун коргомуш болгон айрым кыймылдар насыя карызын мамлекет төлөсүн деп талап кылууда. Бул албетте ойго келбеген иш. Кыргызстан укуктук мамлекет. Демек насыя алаардан мурда эки тарап келишим түзүлөт. Албетте анын баары мыйзамдын негизинде. Кыскасы алгандын бергени бар дегендей мыйзамдуу мамлекетте келишимдерди аткаруу деген түшүнүк бар дейт экономисттер.

Адистер муну менен жардам сурап жаткан жарандарга жардам берүүнүн ордуна кайра туңгуюкка кептеп жатат деп эсептешет. Мүмкүн андай кыймылдар кандайдыр бир кызыкчылыкты да көздөп жаткандыр. Мунун баары каржыны колдоно билүү боюнча билимдин жоктугунан келип чыгууда. Негизи эле, акчаны кайра кайтарып берүүнүн жолу туура өздөштүрүлсө эле мындай маселе жаралмак эмес.

Банктар деле акчаны асмандан албайт. Алар бизнесмен же катардагы жарандын банкка сактаган суммасынын үстөк пайызын колдонот. Банктар дагы кардарларга каражатты кайра кайтарып берген сыяктуу эле, жарандар дагы өз милдетин аткарышы керек.
Алар акча алып ишин бүтүрүп алды. Бирок догурунуп жатып анын карызын мамлекет төлөдү дейли. Карызды кайсыл бир чиновник төлөбөйт, катардагы эле карапайым адамдын акчасы жеке тараптардын кызыкчылыгына кетет. Таразалай келгенде бул жерде эч кандай акыйкаттык көрүнгөн жок. Статистика боюнча, насыя алгандардын 30 пайызында ар кандай маселе жаралат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118