Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары чек арадагы жаңжалды токтотуу тууралуу протоколго кол коюшкан. Документке ылайык, тараптар чек ара тилкесинен аскер техникаларын алып кетти жана ар бир мамлекеттин жаңжалга чейин ээлеген жери өзүндө калат. Протоколдун аткарылышы атайын түзүлгөн комиссиядан тышкары эки өлкөнүн УКМК башчылары тарабынан көзөмөлгө алынган.
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу Баткенде өтүп, чыр-чатакты жөнгө салуу маселелер талкууланды. Жолугушуу 2-майга караган түнү саат үчкө чейин созулуп, жыйынтыгында бир нече пункттан турган протоколго кол коюлган.
Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов башында турган делегация өз ара түшүнүшүү менен чек арадагы жаңжалды чечүү зарылчылыгын белгилешти. Бардык пункттар катуу көзөмөлдө аткарылат.
Чек арага чектеш аймактар бүлгүнгө учурады. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов калыбына келтирүү иштеринен тышкары окуя кайра кайталанбас үчүн мамлекет чара көрүшү керек деп эсептейт.
Баткен окуясынын ардагерлери кыргызстандыктарды сабырдуулукка жана жалган маалыматка ишенбөөгө чакырат. Согуш ардагерлери протокол өз учурунда кабыл алынды деген пикирде.
Белгилей кетсек акыркы маалыматтарга ылайык кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу. Учурда эки тараптуу документтин негизинде бардык мамлекеттик органдар, күч түзүмдөрү жана башка кызматтар штаттык режимде иш алып барууда.