Тажик тараптын эки жумадан ашык даярданып, жай тургундарга ок атуусу фактылар менен далилденүүдө. Адистер бул окуяны азыр чек ара чыры эмес, чектеш өлкөнүн эгемен мамлекетке карата куралдуу кол салуусу деп эсептейт. Алдыда Баткен облусунда орун алган коогалаң - аскердик агрессия экенин эл аралык коомчулук алдында далилдөө милдети турат.
Баткен облусунун Көк-Таш айылына жакын Жака-Өрүк тилкеси буга чейин эле көйгөйлүү аймактардын бири болуп келген. Мына ушул жерде “Головной” суу бөлүштүрүүчү жай орун алган. Кыргыз жана тажик жарандарынын негизги талаш жараткан маселеси - суу, жол жана такталбаган чек ара тилкеси. Андан улам бул жерде дээрлик жыл сайын чыр-чатактар чыгып, бирок куралдуу кагылышууга жеткен эмес.
28-апрель күнү башкы суу бөлүштүрүүчү жайга тажик тарап өз алдынча видеокамераларды орното баштаган. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар коңшулардын мындай аракеттерин токтотууну талап кылышат. Мына ошондон тутанган чыр-чатак куралдуу кагылышууга айланып, тажик күч түзүмдөрү жай тургундарга карата ок чыгарган.
29-апрелде абал оорлоп, тажик аскерлери Лейлек районундагы кыргыз тажик мамлекеттик чек арасына жакын Борбордук, Арка, Достук, Интернационал, Жаштык жана Максат айылдарында да жай тургундарга карата ок аткылоону башташкан. Тажик күч түзүмдөрү аскердик техника колдонуп, бир нече жай тургундар каза болду. Алардын арасында 5 жашар наристе бала, 12 жаштагы өспүрүм кыз болгон. Мына ушундан улам адистер Баткен облусунда болгон окуя жөн гана чек ара чыры эмес, коңшу өлкөнүн аскердик агрессиясы катары сыпаттап жатышат.
29-апрель кечке жуук эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек ара аймагынан чыгарып кетүү келишимине жетишет. Бирок, жергиликтүү тургундардын айтымында, 30-апрель таңга маал азан айтылган соң коңшу өлкө аскерлери кайрадан ок ата башташкан. Лейлек районундагы 5 айылга басып кирип, турак жай, кафе ресторан, мектеп бала бакчаларга чейин өрттөп, 10 адамды барымтага алып кетишкен. Жаңжал чыккан аймактардан жалпы 30 миңге жакын кыргыз жарандары эвакуацияланган. Коңшу өлкөнүн аскердик агрессиясы күн мурун даярдалганы азыркы күндө бир нече фактылар менен далилденүүдө.
Жаңжал чыккан күндөн тартып кырдаал президенттин жеке көзөмөлүндө турду. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 28-апрелде Германияга дарылануу үчүн учуп кеткени белгилүү болгон, бирок ооруканага жетпестен ал 29-апрель түнү кайрадан Кыргызстанга келди. Президент Садыр Жапаров Өкмөт мүчөлөрү менен кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрүп, жаңжалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүлдү. Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны өтүп, кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн тийиштүү тапшырмалар берилди.
Бул арада чек ара чырынын негизги себеби болгон - “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы толугу менен Кыргызстанга таандык экенин жана стратегиялык мекеме Баткен районунун суу ресурстары башкармалыгынын балансында турганын Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси билдирди.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чек ара чатагында каза болгондордон 25 адам "Головной" тилкесинде минометтен атылган октон курман болгон деп билдирди. Бул кылмыш учурда иликтенүүдө. 3 күнгө созулган кандуу калабада жалпы 35 кыргыз жараны каза болду. Алардын арасында УКМКнын Чек ара кызматынын “Бөрү” атайын багыттагы бөлүгүнүн 3 жоокери, 5 жаштагы наристе бала, 12 жаштагы өспүрүм кыз бар. 178 киши жаракат алган. Баткен районунун 7, Лейлек райоунундагы 5 айыл жабыркап, жалпы 104 турак үй, 2 мектеп, 1ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара тосоту, 10 май куюучу жай жана 8 дүкөн өрттөлгөн. Азыркы учурда жалпы чыгымдын көлөмү эсептелүүдө.
1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абал талкууланды. Анын негизинде эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары жолугушуп, жыйынтыгында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык тилкелеринде ок атууну токтотуу, аскерлерди туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүү келишими түзүлдү. Ишембиден тарта аймакта абал тынч, жергиликтүү тургундар үйлөрүнө кайтып, жабыркаган айылдарда инфраструктураны калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Башкы прокуратура жана ички иштер министрлиги окуя боюнча 11 кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери башталды.