Кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу жаңжалдан жаракат алган 12 бейтап Бишкектеги Улуттук госпиталда дарыланууда. Башкы дарыгердин айтымында, көбүнүн абалы турукташып калды. Бирок бир бейтап жандандыруу бөлүмүндө өтө оор абалда жатат. Жаракат алгандардын үчөөнүн көзүнө, эки адамдын бет жаагына ок тийген. Ал эми калгандары минометтун огунун сыныгынан жаракат алышкан. Учурда көбүнө операция жасалып, денесиндеги октун калдыктары алынды.
Максат Тургун уулу каргашалуу окуя күнү “Головной” суу бөлүштүрүү аймагына биринчилерден болуп барган балдардын арасында болгон. Ошол жерден ок тийип, 29-апрелде Бишкектеги Улуттук госпиталга келип түшкөн. Дарыгерлердин айтымында, азыр абалы канаттандыраарлык. Жакынкы күндөрү операция жасалат.
Бүгүнкү күндүн баатыры, ИИМдин "Шер" атайын багыттагы отрядынын сержанты Нурбек Сапаров ошол күнү “Головнойдо” күзөттө болчу. Мекенге кызмат өтөп жаткан жеринен ок атууга кабылып, көзүнө минометтун майда сыныгы чачырап жаракат алган. Азыр абалы жакшы.
Учурда улуттук госпиталда 12 жаран дарыланууда. Алардын арасында орточо оордукта жаткан Тосор Курмановдун саламаттыгы дарыгерлердин өзгөчө көзөмөлүндө. Себеби көзүнөн тийген ок азыр баш сөөгүнө кептелип турат. Учурда өмүр сакчылары операция жасоого камынып жатышат. Ал эми калган бейтаптардын абалы канаттандыраарлык.
Ал эми Акылбек Абдулазизовго ок оозуна тийип, тиштерин талкалап, тилин жарып кеткен. Бактыга жараша ок тамагына жеткен эмес. Учурда өзүн жакшы сезип калганын айтат.
Окуя болгон күнү Улуттук госпиталдын 11 дарыгеринен турган бригада Баткенге жөнөп кеткен. Эртеси дагы эки бригада барып, жаракат алгандарга жеринен жардам көрсөтүшкөн. Учурда борбордо дарыланып жаткан жарандар үчүн керектүү дары-дармек жетиштүү, бирок кабатырланткан бир бейтап бар - дейт бакшы дарыгер.
Каргашалуу жаңжалдан 183 жаран жаракат алган. Алардын 49у Бишкектеги Улуттук хирургия борборунда, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жана Улуттук госпиталда дарыланууда. Калгандары Баткен облусундагы бейтапканаларда жатышат.