Жаңылыктар
Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы. Чыгармачыл адамдар элибизди биримдикке чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы. Чыгармачыл адамдар элибизди биримдикке чакырды

Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы. Кыргыз элине өнүккөн келечекти камсыздаш үчүн азыр ушундай тартип гана керек болуп турат. Бул тууралуу бүгүн кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал болгон чыгармачыл адамдар кайрылып, элибизди биримдикке чакырды. 

Алардын айтымында Баткен аймагындагы чек ара тилкесинде кооптуу жагдай жаралган учурда өлкөнүн өзүндө, атап айтканда Бишкек шаарында "бийлик кетсин, чоңдорубуз чыгып жооп берсин" деген сыяктуу мамлекет жетекчилигин жарга такаган талаптар менен митингдер кереги жок болуп турат.