Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы маданият кызматкерлери Баткен элине көңүл айтышты. Баткен облусунун элинин кайгысын тең бөлүшүп, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театры бүгүн кагаз бетине жылуу сөздөрүн жана каалоо тилектерин жазып, атайын флешмоб өткөрүштү.
Бул иш- чара менен маданият кызматкерлери кыргыз эли ар дайым биримдиктүү, ынтымактуу эл экенин көрсөтүштү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, маданият кызматкерлеринин элди ынтымакка жана сабырдуулукка чакыруу иш-чарасы облус аймагынын бардык район, шаарларында өткөрүлүүдө. Ошондой эле тармактык бөлүмдөр жабыркаган жарандарга жардам иретинде бир күндүк маянасын которушууда.
Мындай чечим учурдагы Баткен облусундагы жаралган кырдаалда кыргыз элинин биригип, бири-бирине жардам көрсөтүп, ынтымакты сактоо жана бекемдөө максатында кабыл алынды.