Жаңылыктар
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде “Баткенге жардам” кайрымдуулук штабы ишин баштады
Мекендештер
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде “Баткенге жардам” кайрымдуулук штабы ишин баштады

Россияда иштеп жана жашап жаткан кыргызстандыктар Баткен облусундагы жабыркагандарга жардам берип жатышат. Мында кыргыз диаспорасы каражат чогултуп, аны даректүү которууда. Ал арада элчиликте "Баткенге жардам" штабы өз ишин баштады.

Россиядагы мекендештер ушул күндөрү Баткен облусунда жабыркагандарга жигердүү жардам берип жатышат. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде “Баткенге жардам” кайрымдуулук штабы ишин баштады. Астрахань облусунда жашаган кыргыздар колунан келген жардамын биринчилерден болуп алып келишти.