Жаңылыктар
Алмаз Ибрагимов Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Алмаз Ибрагимов Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды

Президенти Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Ибрагимов Алмаз Турдуметович Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.

Алмаз Ибрагимов Кыргыз ССРинин Ысык-Көл облусунда туулган. Көп жылдар бою Казакстандагы ири өнөр жай ишканаларынын топ-менеджери болуп иштеп келген жана ар кандай инновациялык долбоорлорду ишке ашырган.

Казакстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Алмаз Ибрагимов «Курмет» жана «Отан» ордендери менен сыйланган, ошондой эле биринчи жана үчүнчү даражадагы «Барыс» орденинин жана үчүнчү даражадагы «Енбек даңкы» төш белгисинин ээси, Казакстандын минералдык ресурстар академиясынын ардактуу академиги, С. Торайгыров атындагы Павлодар мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.