Жаңылыктар
Баткендин Орто-Боз айылында буга чейин жарылбай калган снаряддар зыянсыздандырылды
Чек ара
Баткендин Орто-Боз айылында буга чейин жарылбай калган снаряддар зыянсыздандырылды

4-майга карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Түнү чыр-чатактар жана ок атышуулар катталган жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти. 

Учурда Баткен облусуна жайгаштырылган бөлүктөр менен түзүмдөр күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Ошондой эле Коргоо министрлигинин сапёрлор тобу 2 күндөн бери Баткен районунун Актатыр айыл өкмөтүндөгү Орто-Боз айылында буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу чек ара аймактарында жашаган тургундарды жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат.